Улуттук банкта ислам принцибинде иштеген жаңы банк түзүмү талкууланды

28 июня 2021, 14:30

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Abu Dhabi Islamic Bank (ADIB) глобалдык эл аралык ишкер тобунун башчысы Абдулла Заид Аль Шеххи жана АДИБдин эл аралык бизнесинин финансылык директору Майкл Мюррей менен каржылоонун исламдык принциптеринде иштеген толук кандуу банкты түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул тууралуу мекеменин сайтында маалымдалды.

Учурда Абу-Даби Ислам банкы Улуу Британияда, Сауд Арабия падышачылыгында, Египетте иштейт жана эл аралык рейтинг агенттиктери тарабынан жогору бааланат.