Улуттук банктын башчысы эл аралык кеңешмеге катышты

22 октября 2021, 09:14

Ушул жылдын 11-21-октябрында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев видеоконференция форматында өткөн Дүйнөлүк Банктын тобунун жана эл аралык валюта фондунун жетекчилеринин жылдык кеңешмесине катышты.

Иш-чаранын алкагында бир катар онлайн жолугушуулар болуп, анда макроэкономикалык саясат, финансылык туруктуулукту сактоо, ошондой эле пандемиянын экономикалык кесепеттери менен күрөшүү жана Кавказ менен Борбор Азиядагы экономикалык өсүштү калыбына келтирүү боюнча көрүлгөн чаралар талкууланды.