«Кумтөр» профсоюзунун жетекчиси «Достук» мейманканасынын директору болуп кайра шайланды
“Достук” мейманканасында башкармалыктын жана директорлор кеңешинин курамы өзгөрдү. Тиешелүү чечимдер Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Акционерлердин жалпы чогулушунда директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланып, ага:
- Профсоюздар федерациясынын төрагасы Эмил Кызаев;
- Авиация кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Каныбек Калмурзаев;
- "Концептстройинвест" ООО директору Арсланбек Кененбаев;
- "Достук" мейманканасынын мурдагы башкармалыгынын мүчөсү Ринат Рахимов;
- Тоо-металлургиялык профсоюздун жетекчиси Эльдар Тажибаев кирди.
Ушул эле күнү башкармалыктын жаңы курамы шайланды. Алар:
- Бакытбек Кошоев;
- Анзор Абайханов;
- Ильяс Ажыбаев;
- Барчын Айтбаева.
Башкармалыктын төрагасы жана башкы директору болуп кайрадан Калысбек Рыспаев шайланды. Ал биринчи жолу бул кызматка Венера Маймендееванын ордуна 2021-жылдын ноябрь айында келген.
Белгилеп кетсек, Рыспаев "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун кесиптик бирлигинин жетекчиси болуп саналат.