УКМК: «Сарай» айылдык кеңешинин башчысы бюджетке 24 млн сом зыян келтирген

7 января 2021, 14:00

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Сарай» айылдык кеңешинин башчысын кармады. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады. 

 

 


Маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. 

Киров айылындагы 720 орундуу мектептин курулушундагы аткарылчу иштин көлөмү дээрлик 24 млн сомго бааланган. 

Ошондой эле айыпталуучу белгилүү бир жооптуу адамдар менен биргеликте курулуш иштери толук кандуу аткарылбаган мектепти пайдаланууга берген.