АКШнын финансы министрлигине алгачкы ирет аял киши дайындалды

26 января 2021, 17:40

АКШнын финансы министри болуп Жанет Йеллен дайындалды. Ал АКШнын тарыхындагы алгачкы ирет аял финансы министри болуп калды. Бул тууралуу NBC News жазып чыкты. 

 

 

Басылмадан белгилешкендей, анын талапкерлигин 84 сенатор жактырган. 15 каршы болгон. Буга чейин Йеллен АКШнын Федералдык резервдик тутумун жетектеген. 

 

Эксперттер анын артыкчылыгы катары АКШнын каржы дүйнөсүндөгү кадыр-баркын белгилешкен.