Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

3 февраля 2020, 14:34

2020-жылдын 3-февралында Ташкентте «С5+1» форматындагы министрлик жолугушуунун алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Абдулазиз Камилов жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнүн мындан аркы жолдорун талкуулашкан.

«Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр процессине, соода жана экономикалык кызматташтык маселелерине, ошондой эле көп тараптуу аянтчаларда биргелешкен күч-аракеттерге өзгөчө көңүл бурулду», - деп кошумчалашты министрликтен.