МСК жасалма ишкердик менен алектенген субъектилерди текшерүүгө алды

12 ноября 2019, 12:00

Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматы жасалма ишкердик менен алектенген, салык милдеттерин аткарбаган  бир катар субъектилерди текшерүүдөн өткөрдү. Жүргүзүлгөн текшерүүдөн соң 112.3 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу аталган тармактын басма сөз кызматы билдирет. 

Түшкөн каражат өткөн жылдан 52.7 млн сомго көп болгон, өсүү 188.6% түзөт. Түшкөн каражаттын ичинен 17.7 млн сом бюджетке кайтарылган, анын ичинен накталай түрдө - 4.6 млн сом түшкөн.  Бул жылдагыдан 3.4 млн сомго көп түштү дегенди билдирет. 

Белгилей кетсек, МСК салык текшерүүлөрүн жүргүзүп жатат. 

МСК жасалма ишкердик менен алектенгендерден 112 млн сом салык чогултту