Бүгүн декларация тапшырбагандар миң сом айыпка тартылат

1 апреля 2019, 12:00

Бүгүн, 1-апрелде Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.
Ушуга байланыштуу, Салык кызматы декларацияны тапшыра элек салык төлөөчүлөрдү бүгүн түн ортосуна чейин тапшырууга чакырат.

 

Эске салсак, аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу, кыймылсыз мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.
 

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат. Ал эми декларацияны өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге карата айыптан тышкары, ал декларанттардын тизмелерин прокуратура органдарына өткөрүп берүү менен жарыялоо каралган.
 

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 194 номуру аркылуу Маалымат борборунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.