Салык кызматы 264 миң сомдук жасалма продукцияны аныктады

14 сентября 2021, 10:45

Кеминдеги жана Бишкектеги бир катар дүкөндөрдөгү рейддин жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан 264 миң сомдук жасалма тамеки жана алкоголдук ичимдиктер аныкталды.

Ошентип, 122,4 миң сомдук тамеки жана 141,5 миң сомдук алкоголдук ичимдиктер кармалган.

Факт боюнча мыйзам чегинде чара көрүлөт.