Салык кызматы контрафакттык негиздеги 11 миң сомдук тамекини ачыктады

29 июня 2021, 11:30

Мамлекеттик салык кызматы Бишкектеги базарлардын бириндеги пландык рейд учурунда контрафакттык тамеки сатылган учурду аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Рейддик иш чаранын жүрүшүндө акциз маркасы жок 11.5 миң сомго бааланган 330 даана тамеки табылды.

Мамлекеттик салык кызматы жасалма тамеки өнүмдөрүн, анын ичинде акциздик маркаларсыз жана жасалма акциздик маркалар менен сатуу үчүн жоопкерчилик каралгандыгын эске салды. Дүкөн ээлери жана сатуучулар мыйзамга ылайык жазага тартылышат.