Кыргызстанда «Салык карызын кыскартабыз» бир айлыгы өтүп жатат

9 апреля 2019, 10:05

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык карызын өндүрүү жана кыскартуу, өнбөгөн карыздарды эсептен чыгаруу боюнча иштерди күчөтүү максатында 2019-жылдын апрель айында «Салык карызын кыскартабыз!» аттуу бир айлыгын жарыялады.
 

Жарыяланган бир айлыктын чегинде аймактык салык органдары бир катар иштиктүү чараларды көрүү менен салык карызын өндүрүүгө, аны кыскартууга өзүнүн болгон күч-аракеттерин жумшашат.
 

Атап айтканда, мурда жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгында аныкталган субъекттерден салык карызын мажбурлап өндүрүү чаралары кабыл алынып, көчмө жана камералдык текшерүү актысы боюнча кошуп эсептелген суммалар боюнча, ошондой эле, укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча салык карызын өндүрүү иштери күчөтүлөт.
 

Мындан тышкары, карыздарды мажбурлап өндүрүүгө материалдар сотко өткөрүлүп берилет, салык төлөөчүнүн мүлктөрүнө каттоо жүргүзүлөт, алыш-бериш эсебине салыктык төлөм талаптары коюлат, банкттардагы эсептер жабылат, ал эми карыз болгон субъекттердин жетекчилери жана башкы бухгалтерлери административдик айыптарга ж.б. тартылат.
 

Ошол эле учурда салыкчылар тарабынан жер-жерлерде салыктарды жана эсептелген төлөмдөрдү өз убагында жана толугу менен төлөө зарылдыгы тууралуу салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштери активдештирилет.