Мамлекеттик салык кызматы "Текшер" элдик көзөмөл тиркемесин ишке киргизет

4 июня 2021, 11:00

Кыргызстандыктар элдик контролду жүргүзүп, сапатсыз товарларды өндүрүү жана сатуу менен өз алдынча күрөшө алышат. Алар Мамлекеттик салык кызматы менен "Teкшер" тиркемеси аркылуу түз байланышта болот. Департаменттин иш пландары жөнүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев "SMART Salym" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, тиркеме ишке киргенден кийин жарандар аны телефондоруна орното алышат. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуулар же сапатсыз товарлар аныкталса, сүрөткө тартып, Мамлекеттик салык кызматына жөнөтсө болот.

Колдонуучулардын өз аккаунттары болот, анда бардык кайрылуулар жана алардын суроо-талаптарынын аткарылышы чагылдырылат.