Салык кызматы ишкерлерге гибриддик кассалык машиналарды акысыз берүүдө

3 ноября 2022, 14:55

Мамлекеттик салык кызматы 10 миң жаңы муундагы гибриддик кассалык машиналарды ишкерлерге бекер бере баштадыБул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Көзөмөл-кассалык аппараттарды акысыз берүүнүн негизги максаты- кассалык машиналарды сатып ала албаган ишкерлерди колдоо болууда.

“Гибриддик көзөмөл-кассалык машиналары POS-терминалы (төлөм карталарын кабыл алуучу функциясы) жана кассалык дүмүрчөк (чек) принтери менен чогуу берилет”, - деп белгилейт Мамлекеттик салык кызматы. 

Ишкер контролдук-кассалык машинаны алыш үчүн салык төлөгөн аймактык салык органына арыз берүүгө тийиш. 

Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө 54 миңден ашык ишкерлер ККМ колдонот.