Мамлекеттик салык кызматы беш май куюучу жайга жалпы суммасы 175 миң сомго айып пул салды

9 июня 2021, 10:40

Мамлекеттик салык кызматы көзөмөлдөө иш-чараларынын натыйжасында мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн беш май куюучу жайга жалпысынан 175 миң сомго айып пул салган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда бир катар май куюучу жайлар Салык кызматына сатылып жаткан товарлардын кодун онлайн режиминде тапшырбагандыгы аныкталды.

Өткөн жылдын 1-июлунан баштап "СМАРТ салым" фискалдаштыруу долбоорунун алкагында май куюучу жайлар автоматташтырылган башкаруу тутумун жана саткан күйүүчү май жөнүндө маалыматтарды басып чыгаруу функциясы бар кассаны колдонушу (аты-жөнү, ЕАЭБ товарлардын номенклатурасы тышкы соода кодексине ылайык, саны, 1 литрдин баасы, жалпы баасы) жана ушул маалыматтарды салык органына онлайн режиминде өткөрүп бериши керек.

Май куюучу жайларда мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн жеке ишкерге 12,5 миң сом, ал эми юридикалык жакка 35 миң сом айып салынат.