Салык кызматы 2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 32,4 млрд сом чогултту

21 января 2020, 13:25

Мамлкеттик салык кызматы 2019-жылы 32 млрд 432,6 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 1,8 млрд сомго көп. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Салык кызматы 2020-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 35,7 млрд сом чогултууну пландоодо. 

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 15-январынан тартып Салык кызматы Социалдык фондунун ордуна камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну баштаган.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын салык органына өткөрүп берүү бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган, себеби, бул чара юридикалык жана жеке жактардын администрациялык жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.