Лотерея үчүн Мамлекеттик салык кызматы байгелерди сатып ала элек
Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып – байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын байге фондуна товарларды сатып алуу боюнча экинчи тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтынын маалыматы тастыктайт.
Тендердин жалпы суммасы 151 миллион 4 сомду түзөт. Бул каражатка төмөнкү товарларды камсыз кылуу күтүлүүдө:
- 37 миллион 100 миң сомго электр унаалары
- 80 миллион сомго премиум смартфондор
- 18 млн 500 миң сомго бюджеттик смартфондор
- 1 миллион 400 миц 4 сомдук путевкалар
- 2 миллион сомго стайлер
- 12 миллион сомго ноутбуктар.