Салык чогултуу дээрлик 2 млрд сомго ашык аткарылды

8 июня 2021, 14:30

Январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы 38 миллиард 429,1 миллион сом суммасында салыктарды жана төлөмдөрдү чогулткан, ал эми болжолдуу көрсөткүч 36 миллиард 442,6 миллион сомду түзгөн. Белгиленген план 105,5% га же 1 млрд 986 млн 500 миң сомго ашыкча аткарылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн келип түшүүсү 11 миллиард 461 миллион 400 миң сомго көбөйгөн же өсүү темпи 142,5% түзгөн.