Салык кызматы планды 1,3 млрд сомго ашык аткарды

4 апреля 2023, 11:49

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-март айларында 54 миллиард 589,3 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Белгиленген план 1,3 миллиард сомго ашык аткарылды. Ал эми 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 миллиард сомго көп чогултулган.

Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 14 млрд 549,3 млн сомду түздү же 849,3 млн сомго ашыкча аткарылды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 4,3 миллиард сомго көп.