Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды 500 млн сомго ашык аткарды

7 июня 2022, 12:27

Мамлекеттик салык кызматы январь-май айларында 18 миллиард 641,6 миллионсом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, белгиленген план 2,8%га, же 501,6 млн сомго ашыкча аткарылган.

“2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 3 млрд 473,7 млн ​​сомго көп чогултулду (өсүү темпи 122,9%)”, - деп белгилейт Мамлекеттик салык кызматы.