Салык кызматы Орусиядан техника алды

6 августа 2021, 14:30

Кыргызстандын Салык кызматы Орусиядан бекер техникалык жардамдын алкагында жабдуулардын биринчи партиясын алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, жакын арада Салык кызматы эсептөө инфраструктурасын камсыздоо үчүн керектүү жабдуулардын экинчи партиясын жана башкаруу системасынын пилоттук долбоору үчүн кассалык машиналардын үлгүлөрүн алат.