Салык кызматы мектептерге салык сабаттуулугу сабагын киргизүүнү сунуштады

16 ноября 2022, 11:25

Мамлекеттик салык кызматы мектеп окуучуларына салык сабаттуулугун үйрөтүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов “Салык кызматы салык төлөөчүнүн кызыкчылыгы үчүн” аттуу форумда билдирди.

Ошондой эле, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев салык төлөө маданиятын мектептен баштап калыптандыруу маанилүү экенин белгиледи. 

“Бул предметтин алкагында балдарга салык төлөө канчалык маанилүү экенин жана аны кантип туура аткаруу керектигин үйрөтүү керек”, - деди ал.