Киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчеттун формасы жөнөкөйлөтүлдү

3 февраля 2023, 14:10

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары жана эмгек мамилелери боюнча отчеттун (FORM STI-161) формасын жөнөкөйлөтүп, статистикалык отчетко байланыштуу 3 жана 4-бөлүмдөрүн алып салды.

Эми салык төлөөчүлөргө жокко чыгарылган тиркемелерди толтуруунун кажети жок, анткени эмгек мамилелери боюнча тиешелүү маалыматтар Улуттук статистика комитетине түздөн-түз беришет.

Киреше салыгы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчеттун (FORM STI-161) жаңы формасы, аны толтуруу жана берүү тартиби Салык кызматынын сайтында жайгаштырылган.

Отчет 2023-жылдын январь айынан баштап салык мезгили үчүн берилиши керек.

Белгилеп кетсек, 2023-жылга райондор жана шаарлар боюнча киреше салыгын эсептөө үчүн айына минималдуу эсептик кирешенин өлчөмү колдонулат, ал Салык кызматынын сайтында "Билим базасы" бөлүмүндө жайгаштырылган.

Минималдуу эсептик киреше Салык кодексинин 187-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кызматкерлердин кирешелерин кошпогондо жана 6-бөлүгүнүн ченемдеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштегендердин алган кирешелеринин бардык түрлөрүнө колдонулат.