2020-жылы салыктан мамбюджетке 62.9 млрд сом чогулган

13 января 2021, 17:30

2020-жылы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык чогулган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

 

Муну менен катар бекитилген план 107.3 млн сомго ашыгы менен аткарылган. 

 

2019-жылга салыштырмалуу республикалык бюджетке түшкөн салыктын көлөмү 324.7 млн сомго көп болгон. 

Белгиленгендей, салык боюнча пландын ашыгы менен аткарылышы 2020-жылы республикалык бюджетке киргизилген өзгөртүүлөр менен байланыштуу.