Салык кызматы сентябрь айында камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды 81 млн сомго ашыгы менен аткарды

9 октября 2019, 11:05

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында 2 млрд 741 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Белгиленген план 103%га аткарылды же 81 млн сомго ашыкча аткарылган. Бул 2018-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 286,1 млн сомго же 11,6% га көп.

Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча    7 млрд 687, 3 млн сом жыйналган, планды аткаруу 100,5% ды түзгөн же пландан 34,5 млн сомго көп камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган.