Салык кызматы 22,3 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

13 февраля 2024, 13:46

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь айында 22 млрд 373,3 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 1 млрд 88,3 млн сомго ашык аткарылган.

2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 млрд сомго көп чогултулган.

Анын ичинен 16 млрд 498,7 млн ​​сом салык жана төлөмдөр чогултулду. План 3,7 млн сомго ашык аткарылган. Бул 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу 3,2 млрд сомго көп.

Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 5 млрд 874,6 млн сомду түздү. Белгиленген пландан 1 млрд 84,6 млн сомго көп жыйналды, бул былтыркы көрсөткүчтөн 1,2 млрд сомго көп.