Салык кызматы 43 млн сом мүлктүк эсептен чыгарып алууну кайтарып берди

23 мая 2023, 13:17

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылы жана 2023-жылдын биринчи кварталында 3 миң 352 жаранга 43,2 млн сомду социалдык же мүлктүк эсептен чыгарып алуу түрүндө кайтарып берди.

Бул сумманын 37,3 млн сому 2022-жылы, 5,9 млн сому ушул жылдын 1-кварталында кайтарылган.

Анын ичинде 2706 адам 35,3 млн сом суммасында мүлктүк эсептен чыгарып алууну, 646 адам 7,9 млн сомго социалдык эсептен чыгарууну алган.

Эске салсак, жарандар салык мыйзамдарына ылайык социалдык же мүлктүк эсептен чыгарууну алууга укуктуу.

Эсептен чыгарууларды алуу үчүн салык органына бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле кеткен чыгымдарды ырастаган документтердин тизмеги менен арызды берүү зарыл.