МСК - Салык карызынын жалпы суммасы 25 млрд сомдон ашты

11 февраля 2022, 17:14

2022-жылдын 1-январына карата салык карызынын жалпысуммасы 25,2 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Андан сырткары, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыз 2 млрд 37,3 млн сомду түздү.

“Көрүлгөн чаралардын натыйжасында салык карызы боюнча 5 млрд 397,9 млн сом, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздан 1 млрд 386,1 млн сом түшкөн. Салык төлөөчүлөргө 15 млрд сомго 74 миң 195 чечим тапшырылып, анын 4,6 млрд сому өндүрүлгөн. Ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсебине 2 млрд сом суммасында 2 миң 464 салыктык төлөм талабы коюлуп, анын 481,6 млн сому өндүрүлгөн”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, бюджетке салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 8,4 млн сомго 3 миң 975 айып салынып, 6,5 млн сом төгүлгөн.