Салык кызматы 185,8 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

5 декабря 2022, 11:15

Ушул жылдын январь-ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 185 миллиард 848,9 миллион сом салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 55,8 миллиард сомго көп.

“Ошол эле учурда, 140 млрд 685,9 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 569,2 миллион сомго ашык аткарылды. 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 147%ды түзүп, 44 млрд 965,5 млн сомго көп чогултулду”, - деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.

Чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн көлөмү 45 миллиард 163 миллион сомду түздү. План 1 миллиард 423 миллион сомго ашык аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 10 млрд 898,1 млн сомго көп чогултулган (өсүү темпи 131,8%).