Жети айда дээрлик 86 млрд сом салык жыйналды

2 августа 2022, 11:06

Ушул жылдын январь-июль айларында Мамлекеттик салык кызматы 85 миллиард 988,9 миллион сом салыктарды жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30 миллиард 442,1 миллион сомго көп. Өсүү темпи 154,8%ды түзөт.

“Белгиленген план 1 млрд 349,4 млн сомго, же 1,6%га ашык аткарылды. Салыктар боюнча пландык тапшырмаларды ашыра аткаруу салыктык башкарууну жакшыртуу, экономиканын бардык тармактарына талдоо жана мониторинг жүргүзүү иштеринин аркасында мүмкүн болду”, - деп айтылат маалыматта.