Мамлекеттик салык кызматы акциздик марка алуу үчүн 600 млн сом сарптайт

6 января 2021, 10:40

Мамлекеттик салык кызматы ичимдик жана тамеки продукцияларына акциздик марка алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталынын сайтында маалымдалат. 

 

 

Келишимди үч жылга түзүү пландалууда. Бул үч жыл аралыгында тендер утуп алган компания алкогол продукцияларына 150 млн акциздик марканы жана тамеки продукцияларына 900 млн марка көрсөтүшү керек. 

 

Тендердин жалпы суммасы 602.9 млн сомду түзүүдө. 

Эске сала кетсек, салык кызматы ичимдикке болгон акцизди түзүү боюнча тендерди 2020-жылдын ноябрь айында жокко чыгарган.