Салык кызматы карыздарды төлөө боюнча онлайн сервисти ишке киргизди

26 февраля 2024, 12:38

Салык кызматы карыздарды текшерүү жана төлөө боюнча онлайн сервисти ишке киргизди.

Ведомстводон билдиришкендей, эми салык төлөөчүлөр Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу үйдө же кеңседе отуруп, салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн компьютер же смартфон аркылуу текшерип жана төлөй алышат.