Кыргызстанда «Салык төлөөчүнүн паспорту» долбоору ишке кирди
Мамлекеттик салык кызматы "Ишкерлердин жайгашуусунун электрондук картасы" долбоорун ишке ашыруунун алкагында экинчи этап – "Салык төлөөчүнүн паспорту (QR-код)" долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Салык төлөөчүнүн паспорту" – бул салыктык сыр болуп саналбаган жана QR-коддо камтылган ишкердик субъектинин маалыматтык картасы.
"Паспорт аймактык салык органдарынын кызматкерлери тарабынан экономикалык иш жүргүзүлүп жаткан ар бир соода объектисинде, жалпыга жеткиликтүү жерде, мисалы, кире бериште, витринада же кассада жайгаштырылат", - деп айтылат маалыматта.
"Салык төлөөчүнүн паспортунда" жайгашкан QR-кодун смартфондон сканерден өткөрүү менен төмөнкү маалыматтарды алууга болот:
- салык төлөөчүнүн реквизиттери жөнүндө (салык төлөөчүнүн аталышы же аты-жөнү),
- ИСН жана контролдук-кассалык машинанын болушу,
- жооптуу салык инспекторунун байланыш маалыматтары.
Ишкер менен керектөөчүнүн ортосунда талаш маселелер пайда болгон учурда, салык кызматынын компетенциясынын чегинде иштерди жөнгө салуу үчүн жооптуу салык инспектору менен түздөн-түз байланышса болот.
"Салык төлөөчүнүн паспорту" калк тарабынан ишкерлердин ишмердигин контролдоону күчөтөт жана ошону менен керектөөчүлөрдүн укуктарын коргойт", - деп белгиленди билдирүүдө.