Goldman Sachs: АКШнын ИДПсы 8% өсүшү мүмкүн

15 марта 2021, 16:30

АКШнын ИДПсы 2021-жылы 8% жогорулайт. Goldman Sachs алдын ала прогнозу тууралуу Аxios порталы билдирди. 

 

Экономиканын өсүүсү коронавирус оорусунун көрсөткүчтөрү төмөндөп жатканы менен байланыштуу. Штаттагы жумушсуздардын саны 4% чейин, 2022-жылы 3.5% жана 2023-жылы 3.2% чейин кыскарат. 

Экономиканын мындай темптеги жогорулоосу 1951-жылы катталган. Бул убакта ИДПнын көлөмү 356 млрд долларды түзгөн. 2021-жылы бул сумма 22.6 трлн долларга жетүүсү күтүлүүдө.