Google You Tubeдагы жарнамадан канча каражат түшкөндүгүн ачыктады

4 февраля 2020, 16:35

2019 - жылы YouTube ар түрдүү жарнамалардан 15.15 млрд доллар киреше тапкан. Бул тууралуу ТАСС порталы билдирди. 

Акчалай пайданын 4,72 млрд доллары төртүнчү кварталга туш келген. 2018-жылы Google жарнамадан 11,16 млрд доллардай киреше алган. 2018 - жылдын акыркы кварталындагы кирешеси 3.61  млрд долларга жеткен. 

Googlе ишканасынын өкүлү CNBC ге берген маегинде You Tubeдагы жарнамадан видеоконтенттин жаратуучулары канча каражат ала тургандыгын айтуудан баш тарткан. Бирок каржы жетекчиси Рут Порэт аларга кирешенин «басымдуу бөлүгү» кете тургандыгын билдирген.