Памирлик кыргыздар үчүн шаарча республикалык бюджеттин каражатына курулууда

26 сентября 2021, 17:29

Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Чоң Памирден келген этникалык кыргыздар үчүн жаңы шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кашка-Суу айылындагы 30 гектар жер жеке турак жай жана социалдык объектилерди куруу үчүн трансформацияланган. Турак үйлөр, 275 орундуу жалпы билим берүүчү мектеп, эмкана жана башка социалдык объекттер курулат. Азырынча 400 үйгө чейин куруу пландалууда.

Шаарчанын курулушуна республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн. "Ассанабил" коомдук кайрымдуулук фонду жеке объектилердин курулушун каржылайт.