Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы атайын транспортторго 8 млн сомдон ашык жумшайт

7 октября 2022, 11:30

Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы ҮМБга үч тез жардам жана каза болгондордун сөөгүн ташууга бир унаа сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Атайын унааларды алууга 8 миллион 200 миң сом каралган.

Жумушчу топ унааларды сатып алуунун техникалык шартын иштеп чыкты.