Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги 46 млн сомго спорттук форма сатып алат

29 марта 2023, 10:34

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спорттук кийимдерди сатып алууга тендер жарыялады. Тиешелүү арыз Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды. 

Тендердин баасы 46 миллион 238 миң сомду түзөт. Мекеме 38 млн 290 сомго кадимки спорт формасын, калганына жылууланган формаларды сатып алууну пландоодо.

Сатып алына турган  комплекттердин саны көрсөтүлгөн эмес.