Суу чарба мамлекеттик агенттиги курулуш иштеринин баасын ашыкча баалаган

17 августа 2021, 13:00

Эсеп палатасы Мамлекеттик суу чарба агенттигинин 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышынын аудити жөнүндө отчетту карап, курулуш-монтаждоо иштеринин 631,7 миң сомго ашыкча бааланганын аныктады.

Тагыраагы,

  • суу чарба объектилерин куруу дирекциясы - 363,1 миң сом;
  • "Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Суусамыр суу сактагычынын курулушу" - 100,5 миң сом;
  • дебитордук жана ашыкча көрсөтүлгөн кредитордук карыздар 185,9 миң сом;
  • бюджеттин жана Социалдык фонддун кошумча чегерилген кирешелери 40 миң сомду жана 30,7 миң сомду түзгөн.