Ош шаарында азык-түлүктү ашыкча баа менен сатып жаткандар аныкталды

2 апреля 2020, 14:30

30-мартта Ош шаарынын жана Ош облусунун монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери тарабынан социалдык маанидеги товарлардын бааларына карата мониторинг жүргүзүшкөн. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

 

Мониторинг учурунда, кызматкерлер тарабынан өсүмдүк май, картошка жана унду ашыкча баа менен сатып жаткандар аныкталган.

Жыйынтыгында тийиштүү материалдар экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Ош шаарындагы кызматына өткөрүлүп берилди.