Мамлекеттик өнүктүрүү банкы бир айда бюджеттен 1,5 млрд сом алган

1 марта 2023, 10:39

Февраль айына республикалык бюджеттен Мамлекеттик өнүктүрүү банкына 1,5 млрд сом каралган. Бул тууралуу мекеменин кассалык планында айтылат.

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына декабрь айынын бюджетинде 500 миллион сом каралган. Ошентип, банкка казынадан 2 миллиард сом түшүшү керек болчу. Бул акча Өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы үчүн, бир акция үчүн 1000 сомдон каралган.

Бирок быйылкы жылдын аягына чейин МӨБнын капиталын 5 миллиард сомго чейин көбөйтүү керек.

Кошумчаласак, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Кыргызстанда 2023-жылдын биринчи кварталынын аягына чейин иштей башташы керек.