Мамлекеттик карыз 4 млрд 874 млн долларга жетти

16 сентября 2021, 14:24

2021-жылдын 31-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 миллиард 874,3 миллион долларды же 413,1 миллиард сомду түзгөн. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.

85,4% тышкы карыз: 4 млрд 162,9 млн доллар, же 352,8 млрд сом. 14,6% - ички карыз: 711,41 млн доллар, же 60,3 млрд сом.