Былтыр Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 60,33% түзгөн

16 февраля 2022, 09:07

Кыргызстандын мамлекеттик тышкы жана ички карызы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 5 млрд 147,22 млн долларды түздү,- деп жазат Финансы министрлиги.

Жыл ичинде өлкө мамлекеттик карызын 221,41 млн долларга көбөйткөн. Бул негизинен ички карыздын 144,3 млн долларга көбөйүшү менен байланышкан, ал декабрдын аягында 852,64 млн долларды же 72,3 млрд сомду түзгөн. Бул аралыкта тышкы карыз 77,12 млн долларга көбөйүп, 4 млрд 294,57 млн долларды түздү.

Кыргызстандын Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын, Сауд өнүктүрүү фондунун, Азия өнүктүрүү банкынын, Ислам өнүктүрүү банкынын жана Евразия өнүктүрүү банкынын алдындагы милдеттенмелеринин жогорулашынан улам тышкы карыз өскөн.

Ошол эле учурда бир катар кредиторлорго, анын ичинде Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигине, КфВ банкына (Германия), Кореянын Экспорттук-импорттук банкына, Эл аралык валюта фондуна, Европа Биримдигине, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана башкаларга болгон карыз азайган.