Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу агенттиги 2020-жылы ломбард жана лотерея оюндарына өзгөчө көңүл бурат

16 января 2020, 15:45

КР Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы 2020-жылга карата бир катар иш-пландарды койду. Анын негизинде ведомство 2020-жылы ломбард жана лотерея, ислам баалуу кагаздары жана камсыздандыруу тармагына өзгөчө көңүл бурушат. Финансы рыногунун маалымат порталы жана баалуу кагаздардын бирдиктүү рыногу түзүлөт. Калктын каржы сабаттуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. 

«Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын алдыдагы планында камсыздандыруу тармагына жаңы шарттарды түзүү», - деп жазылат маалыматта.