Мамлекеттик фонд ЖОЖдордо окуу үчүн кредит берет

18 июля 2023, 10:31

Каржы министрлигине караштуу өнүктүрүү жана ишкердүүлүк фонду ЖОЖдордо жана кесиптик лицейлерде окуу үчүн насыяларды сунуштайт. Бул тууралуу фонддун сайтындагы маалымат тастыктайт.

Насыя каражатты түздөн-түз окуу жайдын эсебине которуу жолу менен берилет.

Анын суммасы 10 миң сомдон 200 миң сомго чейин, жылдык 20% үстөк менен жана эки жылга чейин берилет.

Насыя алуу үчүн өздүгүн тастыктоочу документтер, гаранттын иштеген жеринен маалымкат, ошондой эле окуу келишиминин көчүрмөлөрү талап кылынат.