Мамлекеттик мүлк мыйзамсыз ижарага берилген. Келтирилген чыгым 1 млн 900 миң сомду түзгөн

13 февраля 2023, 16:44

Ош шаарынын прокуратурасы мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз ижарага берүү фактысы боюнча "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Алсак, текшерүүнүн жүрүшүндө Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Ош шаары жана Ош, Баткен облустары боюнча өкүлчүлүгүнүн жана "Кыргызкөмүр" МИнин түштүк башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жогоруда аталган мекеменин имаратына аукцион өткөрүүдөн четтеп, пайда алуу максатында ижара акысынын суммасын атайылап төмөндөтүп, жеке адамдардын атынан жасалма келишимдерди түзүп, ошондой эле бул имараттын жайына келишим түзбөстөн "А.Т." жеке менчик мектебине, жеке жана юридикалык жактарга ижарага беришкен.

"Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө 1 млн 964 миң 373 сом зыян келтирилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдирди Башкы прокуратура.