Ипотека алгачкы төлөмсүз берилет

2 июня 2021, 17:07

Мамлекеттик ипотекалык компания ипотека насыясын баштапкы төлөмсүз эле берет. Бул тууралуу депутат Аалы Карашев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, компания жакынкы аралыкта мамлекеттик ипотека насыясынын үстөк пайызын жылдык төрт пайызга чейин акырындык менен төмөндөтүүнү пландап жатат.

“Мыйзамдан жылына 10 пайыздык чендин базалык ченемин алып салабыз. Аны министрлер кабинети аныктайт. Мындан тышкары, биз сатып алынган турак жайдын баасынын кеминде 10 пайызынын баштапкы төлөмүн алып салабыз. Азыр үстөк пайызы 6-8 пайызды түзсө, келечекте аны 4 пайызга чейин түшүрүү пландалууда”, - деди Аалы Карашев.

Кошумчалай кетсек, баштапкы төлөм 10% болчу.