2018-жылы Кыргызстанда жаңы 10 ишкана ачылган

14 марта 2019, 13:35

Жаңы ачылган ишканалар миңдеген кыргызстандыктарды иш менен камсыздады. Бул тууралуу КР өнөр жай,энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу мамлекеттик комитети билдирди. 

Экономикадагы 24 тармактын ичинен  алты тармак экнономиканын негизин түзүп, 90% өнөр жай продукциялары менен камсыздоодо. Алардын ичинен бешөө  кайра иштетүү тармагы болуп саналат. 

«Бул темир иштетүү  42.6%, азыктарды кайра иштетүү – 11.7%, курулуш материалдарын өндүрүү – 6.6%, мунайды кайра иштетүү – 5.3%  жана жеңил өнөр жай, тери иштетүү, бут кийим өндүрүү   – 3.3%. Башка тармактардын экономикадагы үлүшү аз» –деп билдирди мамлекеттик комитетте.