Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы үйү өрттөнгөн жарандарга 380.2 миң сом компенсация төлөп берди

21 мая 2020, 10:03

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму турак-жайы күйүп кеткен 3 жаранга компенсация төлөп берди. Бул тууралуу камсыздандыруу уюмунан билдиришти. 

 

 

Апрелде өрттөн келтирилген зыян үчүн компенсация катары камсыздандыруу төлөмдөрү Талас, Ош, нарын облусунун жашоочуларына төлөнүп берилген. Төлөмдөрдүн жалпы суммасы 380,2 миң сомду түзгөн. 

«Жашоочулар турак жай үчүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна убагында камсыздандыруу полиси үчүн 600 сомдон төлөп турушкандыктан, келтирилген зыяндын ордун толтурууга мүмкүн болду», — деп билдирди компаниядан.