Мамлекеттик байланыш комитети мамлекеттик сатып алууда мыйзам бузушту

14 марта 2019, 15:17

 Кыргызстандын Эсептөө палатасы КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин пландалбаган текшерүүгө алып,  анда мыйзам бузуу бар экени аныктады.Ведомство сатып алуулардын баасына  мониторинг жасабай туруп каражаттарды коротушкан. 

Эсептөө палатасынын билдиргенине караганда «Мамлекеттик сатып алуулар» тууралуу мыйзамга ылайык байланыш комитети бааларга мониторинг жасабай туруп, 12 сынак өткөрүп, ага жалпы суммасы 4 млн 603.5 миң сом кеткен.

Мындан тышкры  Мамлекеттик байланыш комитетинин астындагы «Атайын байланыш кызматы»  50%  таза кирешесин  Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондуна 465.5 миң сомду которбой койгон. Жогорудагы сумма аудит маалында фонддун эсебине которулду. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик байланыш комитетине эскертүү берилип, анда бул каталарды жоюу, жогорудагы мыйзам бузууларга тийешелүү  жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилигин кароо айтылды.  Аудиттин жыйынтыгы  Жогорку Кеңешке, президенттин аппаратына, Өкмөттүн аппаратына, Коопсуздук Кеңешине жана башка тийиштүү органдарга жөнөтүлдү.