Мамлекеттик компаниялар 2021-жылга караганда бюджетке 15,7% көп киреше которду

30 мая 2022, 11:02

Ушул жылдын төрт айында мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан бюджетке пайда түрүндө 225 миллион 245,9 миң сом которулган. Мындай маалыматтар республиканын Финансы министрлиги тарабынан берилди.

Ошол эле маалда мындан бир жыл мурда ушул эле мезгилде мамлекеттик ишканалардан казынага 194 миллион 744,4 миң сом гана түшкөн. Айырмасы 30,5 млн сомду түзөт же 2022-жылы 15,7%га өскөн.

Республиканын Улуттук банкы тарабынан бюджетке чегерилген пайда өзүнчө карала тургандыгын белгилейбиз. Алсак, 2022-жылдын январь-апрель айларында ал 3,7 миллиард сомду түзсө, 2021-жылы бюджетке Улуттук банктан пайда түрүндө 5 миллиард 636 миллион 330,1 миң сом түшкөн.